Кантип дарбызды тандаш керек?

https://kyrgyzcha.site/?p=62277&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Кантип дарбызды тандаш керек?

 

 

Жайдын ысык күнү сатып келген дарбызың начар чыгып калганда дарбыз тандаганды билбегениңе катуу өкүнөсүң. А бирок бул анчалык делээ татаал нерсе эмес экен – дарбыздын 8-9 белгисине гана көңүл буруш керек болот.

 

1. Бышкан дарбыз көлөмү чоң болгону менен салмагы салыштырмалуу жеңил болот;

Пример HTML-страницы

 

2. Дарбызды кысканда кычырайт;

 

3. Чапкылаганда күңүрт үн чыгат. Эгер дарбыз чийки болсо ал жаңырып турат. Ал эми ал “нитраттуу” дарбыз болсо, анда жели чыккан топту чапкылагандай болосуз;

 

4. Кабыгында кесилген, жарылган жерлери жок;

 

5. Сабы кургак;

 

6. Дарбыздын капталындагы топуракка жаткан саргыч түстөгү жеринин чоңдугу орточо;

 

7. Дарбыздын үстүңкү катмары жалтырап турат, күңүрт эмес;

 

8. Кабыгынын сүрөттөрү ачык жана так;

 

9. Кабыгын тырмак менен теше албасың. Бирок сырткы жалтырак катмарын тырмак менен жеңил сыйрыса болот.

 

Дагы башка кеңештер:

 

1. Жол боюндагы дарбыздарды албаган оң – бул жолдун чаңына жана ары-бери өткөн машинелерден чыккан улуу заттарга байланыштуу. Алар, өзгөчө оор металдар, дарбызга жеңил сиңет;

 

2. Дарбызды кескенде анын кесилген жери бүртүктүү болушу керек, эгер ал жалтырак жана жылмакай болсо, анда бул дарбызда нитраттар көп;

 

3. Эгер дарбыздын ичиндеги жипчелер чоң жана саргыч түстө болсо – анда бу да дарбызда нитраттар көп экендигинин белгиси;

 

4. Эгер бышкан дарбыздын кызыл этин эзип сууга салса ал киргилдене түшөт, ал эми нитратту дарбыздыкынан суу кызыл же чала кызыл түстө болот;

 

5. Дарбызды кабыгына чейин жеген болбойт. Анткени дарбыздын кабыгына жакын жерде (3 смга жакын) нитраттар эң көп болот.

 

Дарбыз тууралуу кошумча маалыматтар:

 

Дарбыздын 92% суудан турат, калган 8% ликопенге бай. Бул күчтүү антиоксидант болуп эсептелет.

 

Дарбыз С, В1, В3 витаминдерине жана фолий кислотасына бай. Адамдын аларга болгон бир суткалык муктаждыгын толтуруш үчүн дарбыздан 150 гр жесе жетиштүү болот.

 

Дарбыз төмөнкү ооруларга жакшы даба:

 

Организмден токсиндер менен шлактарды чыгарганга жардам берет;

Боор менен бөйрөктү тазалайт;

Фолий кислотасы сийдик-жыныс системасынын (өзгөчө аялдардын) жакшы иштешине зарыл нерсе;

Подагра, артрит, атеросклероз жана жүрөк кантамырлар системасына байланыштуу айрым оорулардын алдын алууга жардам берет.

Ошону менен катар төмөнкү ооруулары барлар дарбызды жегенден сак болушу керек:

 

Диабет

Простатит

Бөйрөк ташы

Атеросклероз

Жүрөк оорулары

Диарея

Колит.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️