Кан жолдо айдоочу жигит менен жанындагы кыздын өмүрү кыйылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа ала салып, айдоочу жигит менен жүргүнчү кыз каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдирди.

Алардын айтымында, жол-транспорт кырсыгы кечээ, 22-июлда кечинде болгон. Жеңил унаа каттуу ылдамдыкта Жалал-Абад шаарынан Базар-Коргон багытын көздөй бара жаткан учурда башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Окуя болгон жерде 20-25 жаштагы айдоочу жигит менен жүргүнчү кыз каза тапты. Ал эми дагы бир жүргүнчү кыз ооруканага жеткирилген.

Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

«Бишкек—Ош унаа жолунун 555-400-чакырымында «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаа Жалал-Абад шаарынан Базар-Коргон району тарапты көздөй бара жатып, жолдун четине чыгып, кулап кеткен. Анын кесепетинен Сузак райондук ооруканасына жашы 20-25 чамасындагы азиат түспөлүндөгү кыз менен жигиттин жансыз денелери алынып келинген. Ошондой эле Базар-Коргон районунун 2006-жылы туулган тургуну П.У. денесинен алган жарааттан улам Сузак райондук ооруканасынын сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылгандыгы кабарлаган», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️