Камчыбек Ташиевге Ноокат шаарындагы айланма жолдун долбоору тууралуу айтып беришти. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 22-июлда Ноокат районундагы айланма жолдун долбоору менен таанышты.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев долбоор тууралуу айтып берди. Айланма жол унаа тыгынын азайтат.

Жаңы айланма жолдо 2 көпүрө болот, анын ар бири 12 метрден. Долбоор 360 млн сомго бааланды. Ал эми жол IV техникалык категорияга кирет.

Камчыбек Ташиев: «18 чакырым жолду куруп бүтүрүүгө 360 млн сом (дээрлик 4 млн доллар) аз болуп калбайбы?», — деп сурады.

Ал айланма жолду курганга жараша капиталдык кылып жасоо керектигин билдирди.

Пример HTML-страницы

«Айланма жолдо жалаң чоң унаалар өтөт. Чоң унаалар бата турган унаа токтоочу жайларды жасоо керек. Жолдун ар бир тарабынан 5 гектар жер кароо керек», — деди ал.

Бул маселе дагы бир жолу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен макулдашылат.

Жалпы пайдалануудагы долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун тилкесинин өлчөмү стандартка ылайык анын категориясына жараша белгиленет.

Пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкеси төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө чектелет:

  • 1-категория — жол огунан 32 метр;

  • 2-категория — жол огунан 16 метр;

  • 3-категория — жол огунан 14 метр;

  • 4-категория — жол огунан 13 метр;

  • 5-категория — жол огунан 12 метр.

Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору үчүн жол четиндеги тилкенин кеңдиги калк жашаган пункттардан тышкары өткөн участоктордо төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

  • I категория — 50 метр;

  • II категория — 40 метр;

  • III категория — 20 метр;

  • IV категория — 10 метр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️