Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда 2,5 миң бала окуп жаткан мектепке келди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарындагы №14 инновациялык мектепке жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт зал жана спорт аянтча курулат.

Мэриянын маалыматына караганда, бул объекттердин курула турганын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аталган мектептин абалы менен таанышып, мектеп жамааты менен жолуккан учурда билдирди. Мектепте учурда 2570 окуучу билим алат. Бирок мектеп болгону 520 балага ылайыкташкан. Спорт залы, жыйындар залы жана ашканасы жок. Спорт аянтчасы дагы каралган эмес.

Камчыбек Ташиев мугалимдер жамааты менен жеринде маселени көргөн соң, тийиштүү жетекчилерге, аталган мектептеги муктаждыктарды толугу менен жоюуну тапшырды. Ага ылайык мектепке кошумча жаңы 4 кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана спорт аянтчасы курулат. Курулуш иштери жакынкы аралыкта башталып, келээрки жылдын аягына бүткөрүлөт.

Жогорудагы курулуштар УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган 50 сотых жер тилкеге курулат. Ал жер аянты кезинде жеке тараптарга өтүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️