Камчыбек Ташиев тик учак менен Ноокаттагы жолдун курулушун текшерди. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош—Баткен—Раззаков жолунун курулуш иштеринин жүрүшүн тик учук менен көрүп чыкты.

Ошондой эле ал аталган унаа жолдогу көпүрөлөрдүн да курулушун көрдү.

Ош—Баткен—Раззаков жолунда 2024-жылдын июль айында селден кийин эки көпүрө кулап, унаа каттамдары убактылуу токтотулган. Андан улам Ноокатта авариялык абалдагы үч эски көпүрө толук бузулуп, жаңы көпүрөлөрдүн курулушу башталган.

Алар:

Пример HTML-страницы

— биринчиси аталган унаа жолдун 63-чакырымдагы Абшыр-Сай көпүрөсү;

— экинчиси аталган унаа жолдун 43-чакырымдагы Чили-Сай көпүрөсү;

— үчүнчүсү Кыркол-Сай көпүрөсү.

Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 0 км-75 км аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан.

Анын ичинен:

— 0-6 чакырымы Ош шаарынан;

— 6-11 чакырымы Кара-Суу районунан;

— 11-75 чакырымы Ноокат районунун (38-41 чакырымы Ноокат шаарынан) аймагы аркылуу өтөт.

——————————————————

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош—Баткен—Раззаков жолунун Ноокат районундагы тилкесин 2024-жылдын октябрь айынын аягына чейин куруп бүтүрүүнү тапшырган.

Унаа жолдун 19,5 чакырымын асфальттоо, ошондой эле 3 көпүрө куруу тууралуу сөз болуп жатат.

Учурда унаа жолдун 27-34-чакырымына асфальт төшөлүп жатат. Ноокат шаарында 4 тилкелүү жол болот. Ал жерде 6 чакырымга асфальт төшөлдү.

Учурда жолго асфальттын экинчи катмары төшөлүп, көпүрөлөр курулуп жана Ноокат шаарындагы жол кеңейтилип жатат. Өткөн жылы 13 чакырымга асфальттын биринчи катмары төшөлсө, бул жылы экинчи катмары төшөлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️