Turmush — Бүгүн, 12-июлда президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев облус активине тааныштырылды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, жаңы өкүлдү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тааныштырды.
Текебаев Тилек Кыдырмаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Текебаев буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри болгон.
Ал эми президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Тилек Текебаевдин резюмеси
Билими жогорку:
— 2000-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин инженер-механик адистиги боюнча аяктаган;
— 2023-жылы Кыргыз экономикалык университетинин финансы жана кредит факульетин аяктаган;
— 2024-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин өндүрүш жана жарандык курулуш адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
— 17.02.1998-10.11.1998-жылдары «Кыргызтрансавто”»ААКда механик;
— 10.11.1998-08.10.2001-жылдары «Кыргызтрансавто» ААКда автооңдоо устаканасынын мастери;
— 21.12.1999-26.11.2002-жылдары КМКТАУ Балыкчы филиалы, ЖИД кафедрасында окутуучу;
— 08.01.2001-04.10.2003-жылдары «Кыргызтрансавто» ААКтын техника кыймылынын коопсуздугу боюнча инженер;
— 27.11.2002-15.07.2003-жылдары «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорт» ишканасы», мастер прораб;
— 15.07.2003-01.04.2005-жылдары «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорт» ишканасы, өндүрүштүн башчысы;
— 01.04.2005-25.03.2008-жылдары «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорт ишканасы», колоннанын башчысы;
— 25.03.2008-08.07.2010-жылдары «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорт» ишканасы, МТЖ инженери;
— 08.07.2010 -13.01.2011-жылдары «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорт ишканасы», контролдоо механиги;
— 13.01.2011-23.04.2012-жылдары «Кыргызалтын» ААК «Автотранспорт» ишканасы, директор;
— 13.08.2012-02.12.2014-жылдары «Бишкек-Нарын-Торугарт» АЖБда директордун орун басары;
— 28.11.2014-28.01.2016-жылдары «Бишкекасфальтсервис» капиталдык курулуш башкармалыгы, башкы инженер;
— 25.01.2016-15.02.2016-жылдары Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун директору;
— 24.03.2016-30.08.2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Каракол шаары, Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы;
— 20.04.2018 08.02.2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
— 05.01.2017 20.04.2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы;
— 09.08.2021-03.10.2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаарынын архитектуралык-курулушун контролдоо боюнча шаардык башкармалыктын башчысы;
— 08.02.2021-30.07.2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча региондор аралык башкармалыгынын башчысы;
— 03.10.2022-07.10.2022-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрини милдеттерин аткаруучу;
— 07.10.2022-11.07.2024-жылдары Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.