Камчыбек Ташиев президенттин камакка алынган тууганы, өзүнүн бажасы жөнүндө үн катты (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 19-июль күнү Ош шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, жыйынга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов, президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышууда.

Ташиев алдыда аткарыла турган талаптардын тизмесин санады.

«Биз сел болгон аймактарды кыдырып чыктык.

1. Суунун жээктери 50 метрге чейин эс алуусу жайларды курууга тыюу салынат. Ушул норманы сакташыбыз керек. Ушул убакка чейин сакталбай келгендери болсо эми сактагыла.

Пример HTML-страницы

2. Суунун жээгине, сел ташкыны боло турган жерден жер тилкелерди бербейсиңер. Эгер бере турган болсоңор, сөзсүз ӨКМ менен кеңешкиле. Эгер ӨКМ менен кеңешпей курсаңар (курулуш), жоопко тартыласыңар. Мына ошого окшогон нерселер сакталбагандан улам ушундай окуялар болуп жатат.

3. Кооптуу жерлерге чайканаларды, тапчандарды курууга тыюу салынат. Ар бир айыл өкмөт аймагыңарды карагыла. Ушундай жерлер болсо аныктагыла. Ушундай жайларга жерлерди бергенге өзүңөр кызыктарсыңар.

Мына кечээ бир аял 3 кызы менен «Мөл-Булак» эс алуу жайында агып кетти. Ошого ким уруксат берген, текшеребиз. Ошондуктан айыл өкмөттөр жыйындан чыгып эле ушундай иштерди баштагыла.

4. Биз эсептеп чыктык. Ак-Буурада 11 көпүрө бар экен. Кээ бирлер соода жайына өтүү үчүн көпүрө куруп алыптыр. Кээ бирлери соода жайларын куруп алыптыр. Оштун мэри кана? Ак-Бууранын үстүндөгү бардык мыйзамсыз көпүрөлөрдү аласыңар.

5. Бир жуманын ичинде селдин калдыктарын жойгула. Эгер бир адам «менин үйүм тазаланбай калды» деп чыкса жооп бересиңер.

6. Транспорт министрлиги жана башка кызматтар, сел алып кеткен көпүрөнү, жолдорду август айында чейин бүтүрөсүңөр. Мурда жазга чейин деп курбай отуруп алчу элеңер. Эми августка чейин бүтүркүлө. Кантип бүтүрөсүңөр, бул силердин проблемаңар.

7. Урматтуу акимдер, азыр канча акча кайда бөлүнөт, силер контроль кыласыңар. Жаран акчаны алып, карызын жаап, кредитин төлөп коёт. Акчанын максаттуу бөлүшүн силер карайсыңар. Ооба, мамлекет жардам берет. Бирок мамлекет көзөмөлдөйт.

8. Жаңы курулуп жаткан үйлөр сапаттуу курулушу керек. Азыр үйлөр кулап жатат. Эми үйү кулаган адамдарды күнөөлөбөйбүз. Эми үй курулса фундаменти 1-1,5 метр бийик кылып курсун. Бышкан кыш менен дубалын урсун. Фундаменти бийик үйлөрдүн фундаменти кармап калып жатат. Силер ошону контролдойсуңар.

9. Үйлөрдү, унааларды камсыздандырыш керек. Күндө, күн алыс эл менен сүйлөшөсүңөр. Элге «үйүңөрдү, автоунааңарды камсыздандырып койгулачы» деп айтып койгулачы. Мына бир үйгө бардык эле. Үйүн камсыздандырып койгон экен. Эми мына үй куруп жатат. Эми ага мамлекет да жардам берет.

10. Республикалык деңгээлдеги жолдорго көпүрөлөрдү куруп жатасыңар го. Ошондой жерге жол курган да, сел өтө турган жерге түтүктөрдү куруп жатасыңар го. Ошону түтүктөрдү курбай эле, сел өтүүчү жайларды куруп койгула. Ага көп деле акча кетпейт.

11. Оштогу борбордук базарды жылдырабыз. Ош шаарын эми өзүм көзөмөлдөйт окшойм. Ош шаарынын мэри, айтыңызчы, базарды жылдырганга канча ай керек. Мэр: «2-3 ай, сентябрга чейин». Болду, тапшырма берем. Сентябрга чейин жылдырыңыз.

Мына Ак-Бууранын чети базар. Эми аны сүйлөшүп парк кылып коёсузбу же башка нерсе кылып коёсузбу, аны сүйлөшөбүз. Базарды көчүргөндөн кийин базарда иштегендерге айткыла, базардагы орундарына карап, жер бекер берилет. Азыр эле мен барганда «Башка жакка көчсөк, дагы жерде сатып алабыз да. Анча акчабыз жок» деп жатышат. Жер бекер берилет.

12. Ош шаары суу баскан күнү, негедир Папан суу сактагычынан көп суу коё берилген, 59 куб метр. Эгер ошол күнү башка башкармалык менен кеңешип, азырак коё беришиңер керек эле. Бул боюнча Ош облустук суу чарбанын, Папан суу сактагычынын башчысынын күнөөсү бар. Эмне үчүн жамгыр жаап атса көп суу коё беришет. Эртеси эле күнү сууну 38 куб метрге түшүрүп коюш керек экен. Папан суу сактагычынын сыйымдуулугу 240 млн куб метр экен. Ошол күнү 204 млн куб метр эле суу чогулган экен. Сууну кармап турсаңар болот эле.

Жетекчилер, жоопко тартыласыңар. Прокуратура, укук коргоо органдары, күнөөлүү адамдарды эмнеге аяп отурасыңар. Бүгүн эле күнөөлүүлөрдү жазага тарткыла.

Мындан сырткары сел болгон күнү «сууну көп коё бер» деп ким буйрук берди, аны тапкыла. Адам көбөйүп кетти, 4-5 болуп кетти деп аяп отурбагыла. 20 адам болсо да жоопко тарткыла.

Бүгүн вертолет менен көрүп келдим. Ак-Бууранын үстүнө эс алуучу жайларды куруп алыптыр. Мына кечээ ошол жерден агып кетти. Мыйзамсыз курулган курулуштарды тапкыла, карагыла. Анан соттошуп жатат деп отурбагыла. Сотторго айтып коюңуздар, тезирээк чечимдерди чыгарып берсин.

13. Урматтуу жетекчилер, быйылкы жылы эле республика боюнча селден биздин 21 жаран, 4 казак жараны каза болуптур. 25 адамга 1 млн сомдон жардам берилет. Муну ӨКМ көзөмөлгө алыңыз.

14. республика боюнча 76 үй авариялык абалга туш болуптур. Аларга 1 млн сомдон акча беребиз. Ал акчаны акимдер контролдойт. Эртең акча алган адамдардын бирөө арызданып, албай калдым десе жооп бересиңер. Республика боюнча капиталдык оңдоого муктаж 56 үй болду. Ага 500 миң сомдон беребиз.

15. Ош базарында 750 контейнер жабыркады дешти. Бирок канча товар бар эле деген отчетун өздөрү билбей жатат. Ошону үчүн ККМ аппараттарды алгыла, отчет чыгат эле. Эми товарды чыгымын кантип аныктайбыз. Бирок ошолорду жардамсыз калтырбайбыз. 750 контейнерге 100 миң сомдон акча беребиз. «Муну меники агып кетти» дегендердин баарына бере бербейбиз. Налогу, документи барларга беребиз.

Ошондуктан урматтуу жетекчилер, ушул иштер качан бүтөт? Мурда созуп жүрө беришчү. Мындай «срок» коём. 30-июлга чейин баары акчасын алып бүтүш керек. Акимдер чарбалык мамиле кылгыла. Бирөөнүн үйүндө сагалап, жамгырда карда отуруп калышпасын. Жардамды биз 30-июлга чейин беребиз өкмөттөн», — деди Ташиев.

Президеттин тууганы, өзүнүн бажасы жөнүндө видеонун 3:20 минутунан тарта көрүңүз

Президенттин тууганын кармалышы:

Буга чейин 17-июлда Биринчи май райондук соту президент Садыр Жапаровдун иниси кайрадан кармалганын кабарлаган.

Улан Жапаров 21-июнь күнү кР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен шектелип кармалган. Ал 19-августка чейин №1 тергөө абагына камакка алынган. Тергөө иштери менен УКМК алектенүүдө.

  • Ракымжан Жапаров — мамлекет башчынын аталаш бир тууганы.

————————————

Камчыбек Ташиевдин бажасынын кармалышы:

17-июлда УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасынын өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалганы тууралуу маалыматты тастыктаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. Түркиянын жараны А. С. менен өз ара тил табышып, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкандыгы аныкталып, жабырлануучу тарап тиешелүү арыз менен УКМКга кайрылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында А.Т.О. жана А.С. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️