Камчыбек Ташиев Ошто төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 500 000 сом жана 3 бөлмөлүү батир тапшырды

Акыркы жанылыктар

TurmushМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине 500 000 сом жана 3 бөлмөлүү батир берди.

Маалым болгондой, акча каражаты жана 3 бөлмөлүү батирдин сертификаты кечээ, 11-ноябрда президент Садыр Жапаровдун атынан тапшырылды.

3 эмдин атасы Гүлжигит Каримов Ош шаарында Жаза аткаруу кызматында иштейт, апасы Айсана Султанова үй кожойкеси. Алардын жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөө уул, бири кыз бала.

Алар буга чейин Ош шаарында кичинекей, шарты жок болгон үйдө жашап жатышкан.

—————————————————

Пример HTML-страницы

Буга чейин Turmush Ош шаарында 3 эм төрөлгөнүн жазган.

Биринчи кыз бала 2 кг 630 гр, андан кийинки уул бала 1 кг 775,3 гр, кыз бала 1 кг 910 гр салмакта төрөлдү.

Ымыркайлардын атасы Гүлжигит Каимов кубанычы менен бөлүшүп: «7-мартта келинчегим үч эм төрөдү. Буга чейин бизде төрт уул бар болчу. Арасында эгиз уулдарым бар. Эми 5 уул, 2 кыздуу болуп турам. Өзүбүз дагы 4 уулдан кийин кыз болсо экен деп жүрдүк эле. Кудайым бизге 2 кыз, 1 уулду насип кылды. Сезимдеримде чек жок, абдан кубанып турам. Уул-кыздарым келечекте кыргыз элинин керегине жараган перзенттерден болсун деп тилейм. Үч эмдин аттарын апасы экөөбүз Мүрөк, Айдар, Мөлтүр деп койдук», — деген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️