Камчыбек Ташиев кымырылган 50 млрд сом казынага кайтарылганын айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushЖетекчилердин ар бир кадамы президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн көзөмөлүндө болушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Камчыбек Ташиев бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевди облус активине тааныштырды.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бүгүн 1-жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарды. Мамлекеттин казынасына кымырылган каражат кайтарууда тарыхта биринчи жолу 70 млрд сом аныкталып, 50 млрд сом казынага өттү. Ал мамлекеттик кызматта чыдагандар гана иштеши керектигин айтты.

«Коррупцияга жол бербөө боюнча айтып эле келе жатабыз, баары бир кармалып жатышат. Мамлекет түзгөн шартка канааттанбаса, анда жумушун таштап кетсин. Мал баксын, жер иштетсин, бизнес кылсын. Мамлекеттин жумушунда туруп, башкаларды тоноого биз жол бербейбиз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️