Камчыбек Ташиев Кара-Суудан Жогорку Кеңешке чейин жеткен миллиондорду айтты (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 19-июль күнү Ош шаарында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйын өттү.

Маалым болгондой, ага президенттин Ош облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты. Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мамлекет транформация кылып берген жерлерди айрым адамдар сатып жатканын айтып, бул боюнча чара көрүлүшү керектигин белгилеп, укук коргоо органдарына эскертүү берди.

«138 гектар жер 1000 чек (1000 адамга жер тилке) болгон экен. Ошол 1000 чек жерди мамлекет транформация кылып, кезекте турган адамдарга бекер берди. А жергиликтүү бийлик органдары аны сатып жатат. Биз «тигил жакка беришибиз керек, андан чоңуна беришибиз керек, депутатка беришибиз керек, өкмөткө алып барышыбыз керек» деп элден акча чогултуп жатат. Бир чекти 50 миңден 300 миңге чейин сатып жатышат. Ал жерди мамлекет бекер берди. Кезекте турган, үйү жок кыйналган адамдар бергиле деп берип жатат. А силер алып келип сатып жатасыңар. Ким жаман? Мамлекеттин жетекчилери жаман. Айыл өкмөт жаман эмес. Кайра эл сүйүнүп жатат «Молодес, мага мына 50 миңге сатты, 100 миңге сатты деп» Ал айыл өкмөт бекер бериши керек аны», — деген Ташиев.

Ал буга катар эле жер сатуу боюнча айыл өкмөт башчысы, жер адиси камалганын айтып, укук коргоо органдарына бул ишти аягына чыгарууну тапшырган.

«Менде топтолгон бул акчалар, 300-350 миң долларга жакын акча Жогорку Кеңешке чейин жеткени жөнүндө маалыматтар бар. Аягына чейин чыгаргыла. Эгер аким 1 сом алган болсо алып барып камагыла. Эгер мамлекеттик чиновниктер, алардын ичинде депутаттар, кимдир бирөө алса, алып барып камагыла. Мыйзамдын алдында жооп берсин», — деген УКМКнын башчысы.

Пример HTML-страницы
  • 300-350 миң доллар бүгүн, 20-июлдагы курс боюнча 25 млн 392—29 млн 624 миң сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️