Камчыбек Ташиев Кара-Сууда төрөлгөн 3 эмдин ата-энесине үй жана 500 миң сом акча белек кылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 31-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда төрөлгөн 3 эмдерден кабар алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Төрөтканадан маалым болгондой, Камчыбек Ташиев тарабынан бир катар белектер тапшырылды. Учурда эне жана кыздардын абалы жакшы.

«УКМКнын төрагасы келип, 3 эмден кабар алып, кыздарга «коляска» жана 500 миң сом акчалай белек берди. Ош шаарынан 3 бөлмөлүү үй да белек кылыптыр. Ал эми буга чейин да 3 эм төрөп чыгып кеткен тургунубузга 500 миң сом акчалай белек таштады», — деп айтылат маалыматта

3 эмдин атасы Мырзабек Киргизбаев УКМКнын башчысы үйдүн документтерин бергенин айтты.

«Биз үчүн абдан күтүүсүз болду. Негизи эле шартыбыз оор болчу. Атам экөөбүз тең базарда араба түртүп иштейт элек. Аялымдын боюнда болуп, 3 эм экенин билгенимде кантип багам деп ойлоно берчүмүн. Үйдүн китебин берди, абдан кубанычтабыз, биз үчүн күтүүсүз белек болду. Буга чейин 1 кыз, 1 уулум бар эле», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Маалым болгондой, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси — Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаеванын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды.

Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй-бүлөсүнө барды. Бул наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2 уул, 1 кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө да президенттин атынан 500 000 сом акчалай белек ыйгарды. Аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кыларын убадалады. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда 3 эмдин төрөлүшү 17 жылдан бери алгачкы жолу катталды. Кара-Суу төрөт үйүнөн жакын арада дагы бир үч эм төрөлүүсү күтүлүп жатканын, ал эненин саламаттыгы дарыгерлерден тыкыр көзөмөлүндө экенин кабарлашты.

  • 27-октябрь күнү Кара-Суунун Жоош айылынын 1991-жылы туулган тургуну Бакытбек кызы Айжаркын 3 эм кызды жарык дүйнөгө алып келген. Аларга Күнсулуу, Нурсулуу, Таңсулуу деген ысымдар ыйгарылган.

  • Ал эми 2024-жылдын 12-октябрында сержант Дастан уулу Мирлан келинчеги Алмазбек кызы Нуриза экөө үч эмдүү болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️