Камчыбек Ташиев бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдардын кармалышы боюнча комментарий берди

Акыркы жанылыктар

TurmushТөңкөрүш жасайбыз дегендердин баарына жазасын беребиз. Бул тууралуу 2024-жылдын 12-июлунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы тургундар менен жолугушууда билдирди.

«Мамлекет өнүгүп жатканда баягы эле бузукулар мамлекетти ызы-чууга салсак экен, «переворот» кылсак экен, бийликти тартып алсак экен деп үмүттөнгөндөр бар. Эч ким тартып ала албайт. Кудай турат, биз элге иштеп жатабыз. Бийликти сатып алам же «переворот» кылам дегендердин баарына мыйзам чегинде жазасын беребиз. Эч кабатыр болбоңуздар.

Кечээ күнү эле 31-августка даярдык көрүшүп, бронежилеттерди, милициянын, аскер кызматкерлеринин кийимдерин, жардыруучу заттарды жасоочуларды, дрондорду сатып алышып, бүт даярданышты. 31-августта элге кол салып, бүлүк салабыз деп. Ошолордун баарын кайра ордуна мыйзам чегинде алып келип койдук. Эми мындан ары да ушундай болот. Азыр жер-жерлерде укук коргоо органдары күчтүү. Милициябыз мудагыдай жөрмөлөп калган жери жок. Милициябыз, коопсуздук органдары бутуна туруп калды. Прокуратура так иштеп жатат. Соттор туура эмес чечимдерди чыгарса айтыңыздар. Биз ошолорду тартипке салганга милдеттүүбүз», — деди ал.

Ал бир жумуш көп экенин, бир күндө эле 4-5 иш-чарага катышып жатканын белгиледи.

«Күндө ушундай, эртең менен саат бештен баштап жумуш. Кудай кааласа, Алла Таалам ден соолукту берип турса, силер үчүн кызмат кылуу биз үчүн сыймык. Силер үчүн иштеп, чуркап, кызмат кылалы», — деди Ташиев.

Пример HTML-страницы

УКМК 2024-жылдын 6-июлунда бир нече ай бою өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана Бишкекте жарандардын өлүмү менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруу жолу менен бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдардын тобу кармалганын билдирген.

Расмий маалымат боюнча, шектүүлөр ушул жылдын 31-августунда Бишкек шаарына жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан. Бул спорттук иш-чарага элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган.

«Андан кийин алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкек шаарына жеткирип, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Мындан тышкары, алдын ала даярдалган адамдардын тобу провокация жана кырдаалды курчутуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана жарандарга каршы колдонуу үчүн ок атуучу куралдарды ээлеп алуу максатында ок атуучу полигонду басып алууну пландашкан.

Аталган кылмыштуу топ үстүбүздөгү жылдын башынан бери бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп, республиканын айрым аймактарында деструктивдүү маанайдагы жаштарды мобилизациялоо үчүн «смотрящийлер» делген адамдар менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Башаламандыкты уюштурууну көздөгөн тараптар ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жана уулуу заттарды (көздөн жаш агызуучу газды) даярдоо үчүн зарыл болгон тетиктерди сатып алышкан. Ошондой эле башаламандык учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, күч түзүмдөрүнүн аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу максатында алардын аракеттерин координациялоо үчүн рацияларды, ок өтпөс кийимдерди жана көп сандагы укук коргоо органдарынын кийимдерин да сатып алышкан», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Шектүүлөр: К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. 21-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️