Камчыбек Ташиев аким менен облус башчынын физикалык даярдыгын текшерди. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 12-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылындагы спорттук комплекстеги шарттар менен таанышты.

«Тай-Мурас» спорт комплекси 2012-жылдын май айында ачылган. Бул жерде күрөш, бокс, волейбол, аралаш уруш боюнча машыгышат. Жакында эле спорт комплекс оңдоодон өткөрүлдү. Спорт комплекстин негиздөөчүсү — Камчыбек Ташиев.

Камчыбек Ташиев машыгуу залдарынын биринде Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаровго гантель көтөрүүнү сунуштады. Ташиев өзү дагы штанга көтөрдү.

«Сен жаш баласың да, көтөр», — деген Ташиев аким 25 килограммдык эки гантелди 5 жолу көтөргөндөн кийин аны токтотту.

Андан кийин Ташиев акимге «пресс» жасоону сунуштаганда ал бели ооруп жүргөнүн айткан. Сыдыкназаров көнүгүүнү 5 жолу жасагандан кийин Ташиев анын курсагына чаап: «Ичти кетир», — деп айтты.

Пример HTML-страницы

Бир жума мурун Камчыбек Ташиев УКМКнын Лейлек району боюнча бөлүмүнүн имаратынын ачылышына катышкан. Ал жерде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен спорт залга барган.

Ташиев Алимбаевге гантель көтөрүүнү сунуштап: «Гантелди жакшы көтөрөсүз ээ?», — деп сураган.

Алимбаев 16 кг гиряны 6 жолу көтөрдү. Андан кийин Ташиев аталган гиряны 3 жолу көтөргөн.

Андан кийин алар стол теннисин ойноду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️