Камчыбек Ташиев аким менен мэрлерге эскертүү жолдоду. Ал эмнелерге тыюу салынганын айтты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАким-мэрлерге эмгек өргүүгө, сыртка саякаттоого кескин түрдө тыюу салабыз. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Камчыбек Ташиев бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев облус активине тааныштырды.

Ал аким, мэрлерди өз аймактарында жөө жүрүүгө чакырды.

«Кызматтык унааларды өтө алыс же өтө зарыл болгондо колдонгула. Керек болсо таң эрте жөө жүргүлө, ошондо өз аймагыңардагы абалды өз көзүңөр менен көрөсүңөр. Таштандыңарды иретке келтиргиле, көрктөндүрүүңөрдү карагыла. Аким, мэрлер, жетекчилер тойдун көркү болгонду токтоткула. Ансыз да силерден башка тойго көрк берчүлөр бар. Тойго кеткен убактыңарды да мамлекеттин өнүгүүсүнө жумшагыла», — деди ал.

УКМК төрагасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл менен тыгыз иштешүүгө чакырык таштап жатып, аким, мэрлерди тургузуп, айрым келбей калган мэрлерди сурады. Келбей калгандар иш сапар менен Россия Федерациясында жүргөнү айтылды.

Пример HTML-страницы

«Аким, мэрлерге айтам, эмгек өргүүгө, саякаттоого кескин тыюу салабыз. Эмгек өргүүгө чыкпай эле 2-3 күн дем алып иштесек болот. Биз элге иштейбиз деп убада бергенбиз, биз иштешибиз керек. «Мен мэрмин», «мен мэрдин орун басарымын, «мен акиммин» деп жөн эле отура бербегиле. Эртең менен ар кимиң өз аймагыңарды жөө басып карап келгиле. Керек болсо жумушунарга жөө баргыла. Кызматтык унаада кайкалап жүрбөгүлө. Жалал-Абаддын мэри Эрнис Ормоковго да айткам, жөө жүр деп.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Кербен шаарынын мэрине [Зияндинов Эрнист Эгембердиевич] нааразы болду. Ал мэр менен бирге Кербенди кыдырышыптыр, каражат керектелбеген жөн гана санитардык тазалоо иштерин айтыптыр, эртеси келсе дале аткарылбаптыр. Урматтуу ыйгарымдуу өкүл Тилек Кыдырмаевич, иштей албаган жетекчилерди аябаңыз. Өз аймагында таштандылардан арыла албаган болсо, бул уят», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️