Калыс Азаматов Жайыл районундагы эң бай айыл өкмөттүн башчысы болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда айыл өкмөт башчыларын тааныштыруу иштери жүрүп жатат.

2021-жылдан бери Полтава айыл өкмөтүн жетектеп келген Азаматов Калыс Болотбекович Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы болду.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Улан Карымбаев 2024-жылдын 14-февралында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечими менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджети 42 млн сомду түзгөн. Жайыл районундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири.

К.Азаматов 1989-жылы 20-июлда Жайыл районунун Полтавка айылында туулган.

Пример HTML-страницы

Билими:

Полтава орто мектеби (1996 – 2007),

Ж.Баласагын атындагы КУУ (2007 – 2012).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️