Turmush — Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнө чабандарга азык-түлүк жана малга тоют чөп жеткирилип, дайынсыз болуп жаткан тургундар менен ооруп жаткан чабандар райондун борборуна алып келинди. Бул тууралуу Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Болот Абдыжапаров билдирди.
Буга чейин аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу бул өрөөнгө баруучу жол жабылгандыгы кабарланган. Жеринде №20 жана №957 жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери иштеп, Торугарт—Терек жолун тазалап жатышкан.
Ошондой эле, Ат-Башы районундагы банк кызматкери иш сапары менен Ак-Сай өрөөнүнө кеткен бойдон кайтып келе электиги айтылган.
Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн маалыматына караганда, 1994-жылы туулган А.у.А. (банк кызматкери) менен чогуу дагы 3 адам кеткен. Алардын дайынсыз болуп жаткандыгына байланыштуу Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары 16-мартта саат 06:00дө жеке менчик «КамАЗ» менен Ак-Сай өрөөнүнө чыгып кетишкен. Алар менен чогуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Болот Абдыжапаров дагы кеткен.
Б.Абдыжапаровдун айтымында, аталган өрөөнгө калың карды жиреп отуруп, 3 сутка дегенде жетишкен.
«15-март күнү кечинде чыгып кеткенбиз. Көк-Аргында түнөп, андан ары жолубузду уладык. Кардын калыңдыгы кээ бир жерлерде 80 сантиметрге чейин жетет. Жол көрүнбөйт, аппак. Карды жиреп отуруп, маданий борборго жеттик. Барсак, бирөөнүн бутун үшүк алып кетиптир. Дагы бирөө аттан жыгылган экен. Биринин бөйрөгү ооруп жатыптыр. Анан аларды алып, түнү менен кайра жолго чыктык. Жолго тыгылып, колонна болгон унааларды сүйрөтүп отуруп, 16 адамды алып келдик.
Ак-Сайга 600 түк чөп барды. Айыл өкмөттөрүнө дагы тапшырма берилди», — деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.