Калкы эң көп райондогу айылдарды кеңейтүүнү чечишкен. Ташиев жер коррупциясына тиешеси барларды жазалоону тапшырды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2022-жылдын октябрь айында Министрлер кабинети Кара-Суу районунда жеке турак жайларды куруу үчүн 133,8 гектар жер бөлгөн.

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында жайгашкан жерлер айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери (трансформация) категориясына которулган.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 133,8 га кайрак айдоо жери жеке турак үйлөрдү куруу үчүн трансформацияланган.

Анын ичинен:

— Жаңы-Арык айылынын № 95 (13,40 га), № 103 (15,50 га), № 105 (26,90 га), № 108 (14,90 га) контурларындагы 70,70 га жер;

— Таш-Арык айылынын № 108 (12,20 га), № 138 (11,90 га), № 142 (17,40 га) контурларындагы 41,50 га жер;

Пример HTML-страницы

— Ак-Терек айылынын № 1202 (14,20 га), № 1168 (7,40 га) контурларындагы 21,60 га жер.

Аталган айылдардын башчыларанын айтымына караганда, жерлер трансформация болуп, айыл тургундары токтомдорун колуна алышкан, бирок жер бериле элек.

Мурда дыйкандарга жер тилке ижарага берилип, арпа, буудай эгишкен. Бирок кийинчерээк бул жерлер өздөштүрүлбөй калган.

2024-жылдын 19-июль күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Ош шаарында селдин кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөн. Анда Жаңы-Арык айыл аймагында 1000 чек (1000 адамга жер тилке) 50 миң сомдон 300 миң сомго чейин сатылганын, тиешелүү адамдар жазасын алышы керектигин, эгер акимдин тиешеси болсо, ал дагы кармалышы керектигин айткан.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунда мамлекет транcформация кылып берген жерлерди айрым адамдар сатып жатканын айтып, бул боюнча чара көрүлүшү керектигин белгилеп, укук коргоо органдарына эскертүү бергенин жазган.

«138 гектар жер 1000 чек (1000 адамга жер тилке) болгон экен. Ошол 1000 чек жерди мамлекет трансформация кылып, кезекте турган адамдарга бекер берди. А жергиликтүү бийлик органдары аны сатып жатат. Биз «тигил жакка беришибиз керек, андан чоңуна беришибиз керек, депутатка беришибиз керек, өкмөткө алып барышыбыз керек» деп элден акча чогултуп жатат. Бир чекти 50 миңден 300 миңге чейин сатып жатышат. Ал жерди мамлекет бекер берди. «Кезекте турган, үйү жок кыйналган адамдарга бергиле» деп берип жатат. А силер алып келип сатып жатасыңар. Ким жаман? Мамлекеттин жетекчилери жаман. Айыл өкмөт жаман эмес. Кайра эл: «Молодец, мага мына 50 миңге сатты, 100 миңге сатты» деп сүйүнүп жатат. Ал эми айыл өкмөт бекер бериши керек аны», — деген К.Ташиев.

УКМКнын башчысы жер сатуу боюнча айыл өкмөт башчысы, жер адиси камалганын айтып, укук коргоо органдарына бул ишти аягына чыгарууну тапшырган.

«Менде топтолгон бул акчалар, 300-350 миң долларга жакын акча Жогорку Кеңешке чейин жеткени жөнүндө маалыматтар бар. Аягына чейин чыгаргыла. Эгер аким 1 сом алган болсо, алып барып камагыла. Эгер мамлекеттик чиновниктер, алардын ичинде депутаттар, кимдир-бирөө алса, алып барып камагыла. Мыйзамдын алдында жооп берсин», — деген ал.

300-350 миң доллар 20-июлдагы курс боюнча 25 млн 392—29 млн 624 миң сомду түзөт.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Жаңы-Арык жана Кызыл-Суу айыл аймактары бириктрилип, Ынтымак айыл аймагы түзүлгөн. Жаңы-Арык айылы административдик борбор болгон.

Кара-Суу району өлкөдөгү калкы эң көп аймак болуп саналат.

Кыргызстандагы калк эң жыш жайгашкан райондор (2024-жылдын 1-январына карата):

— Кара-Суу району — 488,2 миң адам;

— Сузак району — 332,3 миң адам;

— Ноокат району — 325,9 миң адам;

— Өзгөн району — 296,1 миң адам;

— Сокулук району — 266,1 миң адам;

— Кадамжай району — 209,9 миң адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️