Кайыңдыда поезд жүк ташыган унаанын чиркегичин сүзгөн. Жерди кызылча каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында жүк ташыган унаа менен поезд кагышты.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя бүгүн, 15-ноябрда эртең менен болгон. Жүк ташуучу унаа кант кызылчасын жүктөп бара жаткан.

Ал эми Кайыңды шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, кырсыктан жабыркагандар жок.

Маалым болгондой, 15-ноябрда саат 08:20 чамасында Бишкек—Мерке багытында чыгыштан батышты көздөй жүрүп бара жаткан поезд түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан «КамАЗ» унаасынын чиркегичин сүзгөн. Поезд ордунан жылып кеткен. Жүк ташыган унааны Кара-Балта шаарынын 1975-жылы туулган тургуну Э.У.К. башкарып бара жаткан.

Кийинчерээк «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы айларда жеңил жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тарабынан темир жол өтмөктөрүнөн өтүүдө жол эрежесин бузуулардын саны өсүүдө. Мындай окуялар айдоочулардын жана жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугуна гана эмес, поезддердин кыймылынын коопсуздугуна да коркунуч келтирип, курмандыктарга чейин алып келүүсү ыктымал.

Пример HTML-страницы

«Бүгүн, 15-ноябрда тепловоз менен унаа кагышкан эки учур катталды. Бул окуялар жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын белгиленген жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыктан келип чыккан, бул болсо өз кезегенде темир жол өтмөктөрүндөгү коопсуздукка олуттуу коркунуч туудурат.

Айдоочуларды темир жолду кесип өтүүдө жол эрежесин сактоого чакырабыз. Темир жол кызматкерлери поезддердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшашат, бирок ар бир айдоочу жол эрежесин сактоо менен өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликтин бөлүгүн аткарууга милдеттүү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️