Пример HTML-страницы

Кайын агасы 6 жылдан кийин өч алганы барган

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 24-майга караган түнү Айтматов районундагы Ак-Башат айылында 2 баласы менен кошо өлтүрүлгөн келин ушул эле айылдын кызы болгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, анын күйөөсү 7 бир тууган. Келинди балдары менен өлтүрүүгө шектелген кайын агасы 7 бир туугандын улуусу болгон. Маркумдун жолдошу бир туугандардын төртүнчүсү. Келинди өлтүрүүгө шектелген кайын агасы мурда инисин бычак менен сайып (тирүү калган) соттолгон. Түрмөдөн чыгып келгенине 3-4 жыл болгон. Келинди балта менен өлтүрүп, балдарына ок атылган.

Бул үй-бүлөнүн бир гана ушул баласы психикалык жактан ооругандай болуп, башкалар мушташып, урушуп кетчү. Маркум келин айылдан 3 км жогору жакта кашарда жашачу. Ал жакта жолдошу чарба иштери менен кеткен.

Ал эми ИИМдин маалыматына караганда, бүгүн, 24-майда түндө Айтматов районунун Ак-Башат айылында 2 баласы менен кошо өлтүрүлгөн келиндин өлүмүнүн айрым жагдайлары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өз убагында бир туугандар К.Н. менен К.М.нын ортосунда мүлк талашып чыр болгон. Бул чырдын натыйжасында 2018-жылы кылмышка шектүү К.Н. бир тууган иниси К.М.га бычак менен кол салып, өлтүрүүгө аракет кылган. Бирок көздөгөн аракети ишке ашпай калган. Бул факт боюнча ошол эле жылдын март айында К.Н. (1976-жылы туулган) Кара-Буура райондук сотунун чечими менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан. Пробациялык көзөмөл, Юстиция министрилигинин пробация департаментинин Бишкек шаарынын, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын Кара-Буура жана Манас райондору боюнча пробация органдарына жүктөлгөн.

К.Н. 23-март күнү саат болжол менен 23:00 чамасында эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп, инисинин үйүнө барган. Иниси К.М. талаа жумуштары менен кетип, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 3 адамды өлтүрүүгө шектелген К.Н. кармоо учурунда жок кылынган.

Окуя тууралуу:

Буга чейин ИИМ Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүү фактысы катталганын кабарлаган.

Маалым болгондой, 24-майда түндө саат 00:37де милицияга чакыруу түшкөн. Окуя болгон жерге Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барган. Кароо учурунда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын 4 жаштагы кызынын, 2,5 жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголгон. Үйдөн сайсыз ок атуучу курал жана балта табылган. Кылмышка мурда соттолгон, 1976-жылы туулган К.Н. аттуу жергиликтүү тургун шектелип, издөө жарыяланган.

Шектүүнүн өлтүрүлүшү:

Кийинчерээк өздүк булактар келинди 2 баласы менен өлтүрүүгө шектелген адам жок кылынганын билдиришкен. Ал маркум келиндин кайын агасы болуп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE