Пример HTML-страницы

Кайыңды шаарында жаш куткаруучулар арасында спорттук мелдеш уюштурулду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКүтүлбөгөн ар кандай кырсыктарды алдын алуу максатында Чүй облусунун Кайыңды шаарында жаш куткаруучулардын арасында спорттук мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Жаш куткаруучулардын спорттук мелдеши шаардык мэриянын, райондук ӨКБнын, билим берүү бөлүмүнүн адистеринин катышуусунда өттү.. Анда жогорку класстардын окуучулары күтүлбөгөн кырсыктардын, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча машыгууларын, шамдагайлыгын көрсөтүштү.

Жыйынтыгында М.Тилекеев атындагы Панфилов жалпы билим берүү орто мектебинин жаш куткаруучулары баш байгени багындырып, шаардык мэриянын кубогун алышты.

Ал эми 2-орунду Кайыңды-2 жана 3-орунду Кайыңды-1 орто мектептеринин жаш куткаруучулары ээлешти. Өзгөчөлөнгөн жаш куткаруучулар ардак грамоталар менен сыйланып, баалуу белектерге ээ болушту.

Кайыңды шаары райондун борбору болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE