Кайыңды шаарында окуу-билим берүү борбору ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарында окуу-билим берүү борбору иштеп жатат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуу-билим берүү борбору Түштүк Кореянын корпорациясынын колдоосу менен 10-октябрда ачылган.

«Борбор райондо алгачкы жолу ачылган саамалык. Ал балдарга чет тилдерин үйрөтүүгө, компьютердик сабатсыздыкты жоюуга жана жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖТР) багытталган. Анда өзгөчө математика, кыргыз жана орус тилдерине басым жасалган. Бул борбор ата-энелердин, балдардын кызыгуусун жаратууда», — деп айтылат маалыматта.

Учурда борбордо 90дон ашуун бала билим алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️