Кайыңдыда заводго кант кызылчасын ташыган унаалардын кезеги иретке келтирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кайыңды шаарында заводго кант кызылчасын ташыган унаалардын кезеги иретке келтирилди. Бул тууралуу райондун акими Бекмаат Масаидов билдирди.

«Райондо дыйкандар 1000 гектардан ашуун жерге кант кызылчасын өстүрүшкөн. Ар бир гектардан 60-80 тоннадан ашуун мол түшүм алышып, учурда «Кайыңды-кант» жана «Кошой » заводдоруна тапшыруу сезону кызуу жүрүп жатат.

Өткөн жумаларда бир күндө 180-200 унаа кант кызылчасын заводго жүктөп келип жатса, дем алуу күнү 270ге жеткен. Мындай жагдайда айдоочулар кезек талашып, жол тыгынын жараткан да фактылар кездешкен. Биз ошол күндөн баштап, райондук жол тескөөчүлөр менен биргеликте көзөмөлгө алып, коопсуздук боюнча иш аракеттерди жүргүзө баштадык. Эми ар бир унаага атайын кезек номур берилип, ошол тартипте заводго кант кызылчасы тапшырылат», — дейт район акими.

2024-жылы «Кайыңды-кант» заводу 500 тонна, «Кошой» заводу 400 миң тонна кант кызылчасын (жалпы 900 миң тонна) кабыл алуу мерчемделген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️