Пример HTML-страницы

Кайыңды шаарында таза суусуз калган 2 көчөнүн суу мотору калыбына келтирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖеке менчик кооперативинин карамагында турган, бузулган суу мотору Чүй облусунун Кайыңды шаарынын мэриясына өткөн соң, калыбына келтирилип, 2 көчөнүн эли толук кандуу таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу шаар мэри Эрнур Жумабаев билдирди.

Маалым болгондой, шаарда 64 көчө бар. Анын ичинен 14 көчөсүнүн элин «Комфорт-Каинда» турак жай эксплуатациялоо кооперативи таза суу менен камсыздап келген.

«Кайыңды шаарынын 14 көчөсүнүн элин таза суу менен камсыз кылуучу суу мотору союз учурунан бери «Комфорт-Каинда» турак жай эксплуатациялоо кооперативинин карамагында турган. Ошондуктан, бузулган суу моторун оңдоо аталган кооперативдин милдетине кирген. Бирок, ар түрдүү көйгөй жаралган соң, мыйзам чегиндеги иш-аракеттер менен аны толук түрдө шаардын балансына өткөрүп алдык. Бул аралыкка чейин 2 көчөнүн элине атайын унаа менен таза суу жеткирилип турду. Жоопкерчиликти моюнга алып, суук күндөргө карабай, моторду тез арада оңдоо жумушунда өзүм башында турдум. Ыкчам аракеттин натыйжасында көйгөй чечилип, суусуз калган 2 көчөнүн эли толук кандуу таза суу менен камсыздалды. Эми мындан ары элди таза суу менен камсыздоо мэриянын көзөмөлүндө болот», — деди шаар мэри.

Буга чейин Кайыңды шаарындагы 2 көчөнүн эли 20 күндөн бери суусуз жашап жатканын аймактык кабарчыга тургундар билдиришкен.

Ал эми Кайыңды шаарынын мэри Эрнур Жумабаев суу кудукту жеке менчиктен мэриянын балансына өткөрүү иштери жүрүп жатканын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE