Кафеден 2 аялды унаа менен алып кеткен айдоочу жолдо эмне кылганын билбей калган

TurmushЧүй облусунун Жайыл райондук соту жол тескөөчүнү унаасы менен сүйрөп кеткен айдоочунун иши боюнча өкүм чыгарды.

  • Айыпталуучу Курманбек (ысымы өзгөртүлдү, А.К.К.) 1966-жылы Тажикстанда туулган, Кыргызстандын жараны. Орто билимдүү, бойдок, мурда соттолгон эмес. Ал Чүй облусунун Панфилов районунда жашайт. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) 2-бөлүмүнүн (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү) 4-пункту боюнча айып тагылып, үй камакка алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 13-январында саат 13:15 чамасында Кара-Балта шаарынын Ильич жана Садовая көчөлөрүнүн кесилишинде Жайыл РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору — милициянын сержанты Жолон (ысымы өзгөртүлдү, Т.Ж.Т.) нөөмөт өтөп жатып, Курманбектин башкаруусундагы «Хонда Элизион» унаасын токтоткон. Айдоочу өзүнө таандык айдоочулук күбөлүктү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ардагеринин күбөлүгүн жол тескөөчүгө берип, анын талаптарына баш ийбей, унаасын катуу айдап, качып кеткен. Андан кийин Кара-Балта шаарындагы темир жол өтмөгүнөн өткөндөн кийин жол эрежесин одоно бузганы үчүн Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери — кенже инспектор Нурлан (ысымы өзгөртүлдү, С.Н.Д) аталган айдоочуну текшерген. Курманбек токтоп, жол тескөөчүнүн талабына баш ийбей, коомдук тартипти жана жалпыга бирдей жүрүм-турумду одоно бузуп, качууга аракет жасаган. Жол тескөөчү айдоочу спирт ичимдигин ичкен деп шектенип, унаанын ачкычын алууга аракет жасаганда Курманбек каршылык көрсөткөн. Ал унаанын ылдамдыгын жогорулатып, жол тескөөчүнү болжол менен 50-60 метрге сүйрөп, жыгылгандан кийин качып кеткен.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жол тескөөчү жеңил жаракат алган.

Сот отурумунда айыпталуучу Курманбек күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын айтымында, окуя болгон күнү 2 тааныш аялды үйүнө жеткирип коюу үчүн «Лилия» кафесинен чыгып, унаасына отурган. Жолдон унаадагы эки аял уруша кетип, өзүн жоготуп, стресс абалында болгон. Жол тескөөчүлөр унаасын токтоткондо документтерин берип, аларга «азыр келем деп» урушуп жаткан 2 аялды үйүнө жеткирүү үчүн кеткен. Андан кийин да жол тескөөчүлөр анын унаасын токтотуп, ал терезени ачкан учурда кызматкерлердин бир рулга жабышкан. Коркуп, унаасын айдап кеткен. Жол тескөөчү кантип жыгылганын көргөн эмес.

Жабырлануучу Нурландын көрсөтмөсү боюнча, окуя болгон күнү кесиптештери менен кызмат өтөп жаткан. Саат 01:30 чамасында Кожомбердиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир жол өтмөгүнөн өтүп бара жатышканда алардын алдына Армения Республикасынын мамлекеттик номуру тагылган унаа токтогон. Текшерүү маалында айнектен колун салып, айдоочу качып кетпесин деп ачкычын алып коюуну көздөгөн. Айдоочу баш ийбей, унаасын айдап кетип, анын колу унаанын ичине илинип, өзү сүйрөлүп баштаган. «Байке, токтоңуз!» деген талаптарына баш ийбей, кете берген. «Салтанат» кафесинин алдына жеткенде колу чыгып, асфальтка сүрүлүп барып токтогон. Ал эми айдоочу изин жашырып кеткен. Ал ооруканага жатып чыкканын кошумчалады.

Пример HTML-страницы

Ал эми жол течкөөчү Жолондун айтымында, саат 01:15 чамасында аталган айдоочуну токтотушкан. Айдоочу өзүнө тиешелүү айдоочулук күбөлүгүн жана Улуттук коопсуздук комитетинин ардагеринин күбөлүгүн берип, аларга орой мамиле жасаган. Унаанын ичинен спирт ичимдиги жыттангандыктан, алар айдоочуну ооруканага текшерүүгө алып барууну көздөп, бирок айдоочу талапка баш ийбей, унаасын жогорку ылдамдыкта айдап, качып кеткен.

Жыйынтыгында айдоочу күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып пул салынды. Айып пул мамлекеттин эсебине өндүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️