Пример HTML-страницы

Кадырбек Аджиев Жети-Өгүздүн акиминин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАджиев Кадырбек Замирович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары болуп дайындалды.

К.Аджиевди аталган кызматка дайындоо тууралуу сунуш Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Эрмек Бахавадинов тарабынан берилген.

Буга чейин акимдин орун басары болуп Адилет Дүйшөнбиев эмгектенип келген. Ал өз арызынын негизинде кызматтан кетти.

Кадырбек Аджиев 1975-жылы 29-ноябрда Жети-Өгүздүн Саруу айылында туулган.

Билими:

— 1992-1996-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик университети, экономист.

Эмгек жолу:

— 2022-жылдын 19-декабрынан тарта Дархан айыл өкмөтүнүн башчысы;

— 2022-жылдын 16-сентябрынан 2022-жылдын 17-декабрына чейин Жети-Өгүз райондук салык башкармалыгы;

— 2012-жылдын 12-майынан 2022-жылдын 16-сентябрына чейин Жети-Өгүз райондук салык башкармалыгынын башчысы;

— 2011-жылдын 11-декабрынан 2012-жылдын 12-майына чейин Жети-Өгүз райондук салык башкармалыгынын башчысынын орун басары;

— 2010-жылдын 1-февралынан 2011-жылдын 11-декабрына чейин Жети-Өгүз райондук салык башкармалыгынын салык төлөөчөлөрдү чогултуу бөлүмүнүн башчысы;

— 2007-жылдын 28-августунан 2010-жылдын 1-февралына чейин Жети-Өгүз райондук салык башкармалыгынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысынын орун басары;

— 2006-жылдын 20-июлунан 2007-жылдын 28-августуна чейин Жети-Өгүз райондук салык башкармалыгынын салыктардын жыйноону жана төлөмдөрдү чогултууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

— 2001-жылдын 4-октябрынан 2006-жылдын 20-июлуна чейин Мамлекеттик салык кызматы, тышкы салык контролунун мамлекеттик инспектору;

— 1998-жылдын 1-сентябрынан 1999-жылдын 4-февралына чейин Мамлекеттик салык кызматы, тышкы салык контролунун мамлекеттик инспектору;

— 1996-1998-жылдары Мамлекеттик салык кызматы, жеке адамдарга тышкы контроль боюнча мамлекеттик инспектор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE