Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кадамжайлык мугалимдер Түркияга жардам катары 1,5 млн сом которушту

Акыркы жанылыктар

TurmushТүркиядагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары Кадамжай районундагы мугалимдер тарабынан 1 млн 474 миң 612 сом акча которулду. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев билдирди.

Маалыматка караганда, бул акчанын айлык акыдан которулганы 295 миң 22 сомду түзгөн.

«Мектептерден 70 миң 495 сом, балдар бакчаларынан 224 миң 526 сом болуп, жалпы 295 миң 22,27 айлык акыдан которулган. Ал эми банкка накталай төгүлгөнү 1 млн 179 миң 590 сомду түздү. Ошентип Кадамжай районунда билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер тарабынан жалпы 1 млн 474 миң 612 сом жардам берилди», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE