Кадамжайдын тургуну иниси үлүш жеринде өстүргөн баңгизатты милицияга өткөрүп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжайда баңги өсүмдүгүн өстүргөн кишинин бир тууганы аларды өз ыктыяры менен милицияга тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Чандеки айылынын 51 жаштагы тургуну К.М. үлүш жеринде иниси Б. мыйзамсыз өстүргөн 11 даана өсүмдүктү алып, өз ыктыяры менен милицияга тапшырып берген.

Бул факт боюнча Кадамжай РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин (баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) негизинде кылмыш иш козголду. Тиешелүү экспертизанын корутундусуна ылайык өсүмдүк кара куурай баңгизаты экени аныкталып, анын салмагы 3150 граммды түзгөнү белгилүү болду.

Учурда кылмышка шектүү Б. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Милиция буга чейин Кызыл-Кыя шаарында үйүндө чакага баңгизат өсүмдүгүн өстүрүүгө шектелген адам кармалганын кабарлаган болчу.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️