Кадамжайдын Кара-Жантак айылына жаңы жол салынууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай шаарынын Кара-Жантак айылына жаңы жол салынып жатат. Бул тууралуу №46 жол тейлөө ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жол Кара-Жантак айылын Ош—Баткен—Раззаков унаа жолу менен байланыштырат. Жолдун жалпы узундугу 1 км 300 метр. Каражат республикалык бюджеттен каржыланууда.

—————————————

Буга чейин «Алга-Кадам» коомдук бирикмесинин төрагасы Асан Пазылов 2022-жылдын июнь айында Кадамжай районунун Кара-Жантак массивиндеги жерлерди өздөштүрүү үчүн Алга-Кадам каналынын курулушунун 1-этабы аяктаганын билдирген.

Долбоор 4200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн ишке ашып жатат. 27805 км каналдын негизги суу бөлүштүрүүчү пункту Учкун айылынын Жийделик аймагынан башталат. Долбоор боюнча суу колдонуучулар 7600 үй-бүлөнү түзөт. Анын жалпы баасы 1,9 млрд сом. Бул акчанын 50% республикалык бюджеттен, калганы «Алга Кадам» коомдук фонду тарабынан каржыланат.

Пример HTML-страницы

Туннелдердин саны жана узундугу:

— Биринчи туннелдин узундугу 480 метр;

— Экинчи туннелдин узундугу – 560 метр;

— Үчүнчү туннелдин узундугу – 2175 метр;

— Төртүнчү туннелдин узундугу – 300 метр;

— Бешинчи туннелдин узундугу – 440 метр.

Сел жүрө турган болсо суу бөлүштүрүүчү жайдан суу берүү өз убагында токтотулат. Бул канал курулуп калса Кадамжайдын 7600 тургуну жаңы аймакта жашоого мүмкүнчүлүк алат. Бул аймакта дарактарды отургузуу да экологияны жакшыртат. 1 гектар бактан 70 миң сомдон 150 миң сомго чейин киреше тапса болот.

Долбоордун аякташы меен Кадамжай районунда 4200 гектар жер өздөштүрүлүп, болжол менен 5-6 айыл пайда болот. Анда 5-6 миң кожолукка турак жай салууга жана соода-өндүрүш ишканаларын курууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Асанбай Пазылов 2023-жылдын 14-мартында Кадамжай районунда 4200 гектар жерди өздөштүрүү багытында иш жүргүзүп жаткан «Алга-Кадам» инновациялык долбоору үчүн президенттин фондунан 150 млн сом акча бөлүнөрүн айткан.

Анын айтымында, өлкө башчысы Садыр Жапаров 14-март күнү аны кабыл алып, өзүнүн президенттик фондунан 150 млн сом каржылап берерин айтып, биринчи этабында 50 млн сомду бүгүн которуп берген. Долбоор 2022-жылы январь айында ишке ашырыла баштаган.

«Бизди президент өзү кабыл алып, инновациялык каналдын курулушун колдоп, каржылоо максатында 150 млн сом каржылап берерин айтып, биринчи траншы 50 млн сомду бүгүн которуп берди.

2022-жылдын январь айынан бери «Алга-Кадам» пилоттук, инновациялык долбоорун ишке ашырып баштадык. Кыска убакытта долбоордун эң оор жана баштапкы 1 лотунун долбоорлоо сметалык документтерин даярдап, баасы 559,3 млн сомду түзсө, ошол эле жылдын 2 апрелинен баштап 1 лоттун курулушунун 1-этабын баштап, 4-июнга расмий түрдө бүтүрүп, өкмөт алдында отчет бердик. Жыйынтыгында «Алгакадам» инновациялык пилоттук долбоорунун 1-этапта 146,3 млн сомдук, 2-этапта 122,4 млн сомдук, жалпысы 275 млн сомдук курулуш иштери аткарылды», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️