Кадамжайдын Көтөрмө айыл өкмөтү Молдо Нияздын ысымынан аталары күтүлүп жатат

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аталышы өзгөрүлөт. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Райымбек Таабалдиев билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аты аталган айыл өкмөткө өз кезегинин эң билимдүү аалымы жана жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун ысымы ыйгарылат.

«Айылдык кеңеште, элдик жыйындарда каралып, токтом райондук администрацияга жиберилди. Андан соң облуста, Жогорку Кеңешке каралат. Биз жактырылат деген ишеничте турабыз. Эгерде ишке ашса, Көтөрмө эмес, Молдо Нияз айыл өкмөтү болуп аталып калат. 2023-жылы Молдо Нияздын 200 жылдык мааракеси болот. Биз айыл өкмөттүк деңгээлде иш-чаралар планын түзүп, районго бергенбиз. 200 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрөбүз деген пландар бар», — деди Р.Таабалдиев.

Молдо Нияз Эрназар уулу учурунда кыргыздын жазгыч акыны, ойчул, агартуучу, эң билимдүү аалым болгон. Ал 1823-жылы азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак кыштагында туулуп, 1896-жылы дүйнөдөн кайткан.

Молдо Нияз өз кезегинде фарс, араб жана чагатай тилдерин мыкты билип, ошол тилдерде жаза алган. Ал балдарды окутуп, ырларын кол китептер аркылуу окурмандарына тараткан.

Жергиликтүү аксакалдардын аймында, мындан 200 жыл мурда аталган айыл өкмөткө караштуу Көтөрмө деген айылда тоо боорунан арык казып, сууну башка айылдарга алып өтүшкөн. Ушундан улам тоо боорлоп, суу көтөрүп чыккан жер деп Көтөрмө айылы аталып калган.

Пример HTML-страницы

Көтөрмө айыл аймагында10 айыл жайгашкан. Учурда 2 миң 500 кожолук бар. Жалпы 11 миң адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️