Кадамжайдын Ак-Өргө айылында 200 орундуу «Жаш Таалимтай» бала бакчасы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Ак-Өргө айылында 200 орундуу «Жаш Таалимтай» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу аталган айыл аймактан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган айылдагы мектептин эски имаратын бала бакчасы катары уюштуруу боюнча өткөн жылда жалпы 2 млн 782 миң 970 сомго капиталдык оңдоо иштери жүргөн.

Оңдоп-түздөө иштерин «УНИВЕРСАЛ-НУР» ЖЧКсы жүргүзгөн. Жумшалган каражаттын 2 млн 3 миң 970 сому республикалык бюджеттен, 779 миң сом айыл өкмөттүн эсебинен каржыланган.

Ал эми быйылкы жылда бала бакчанын экинчи имаратына Кадамжай райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 982 миң 172 сом, айыл өкмөттөн 400 миң сом каржыланып, жалпы суммасы 3 млн 382 миң 172 сомго капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Оңдоо иштери «Сауферн Сити» ЖЧКсы тарабынан аткарылган. Бүгүнкү күндө «Жаш Таалимтай» балдар бакчасынын 100 орундуу имараты ишке берилип, жергиликтүү айыл өкмөтүнүн эсебинен 500 миң сомго тиешелүү жабдуулар сатылып алынган. Жакынкы арада «Жаш Таалимтай» бала бакчасында 200 баланы тарбиялоого шарт түзүлөт.

Мекеме Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун онлайн катышуусунда пайдаланууга берилди.

Пример HTML-страницы
  • «Сауферн Сити» ЖЧКсы 2018-жылы 18-декабрда каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси Нышанбай уулу Бексултан. Ишкана башка топторго кирбеген курулуш-монтаждоо иштери менен алектенет.
  • «УНИВЕРСАЛ-НУР» ЖЧКсы 14.07.2023-жылы 14-июлда каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси Алимаматов Кумарбек Авазович. Ишкана адистештирилбеген дүң соода-сатык менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️