Кадамжайдын айылында катуу сел жүрүп, жүк ташуучу контейнерди жана автоунааларды азыгып кетти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районунун Исхак Полот хан айылында сел жүрүп, жүк ташуучу контейнерди агызып кетти, деп жазат аймактык кабарчы.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын маалыматына караганда, селдин кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков жолунун 130-чакырымы кыска убакытка жабылды.

Исхак Полот хан айылынын ичин аралаган сел учурга чейин токтой элек. Катуу селден улам темир контейнерди агызып кеткен. Жашоочулар учурда борбордук көчөлөргө унаа менен чыгуу кооптуу экенин билдиришүүдө.

Ошондой эле, Исхак Полот хан аймагында 5-6 унааны сел агызып кеткен. 5 жаштагы бала дагы жок болуп жатканы айтылууда.

Пример HTML-страницы

—————

Бүгүн, 24-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлүү жаандын кесепетинен Лейлек районунун Катраң айыл аймагынын Катраң айылында, Калта-Арык жана Шоро тилкелеринде, Коргон—Катраң—Баул унаа жолунун 1-8-чакырымында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 316-320-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгө Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылып, тазалоо иштерине №13 жол тейлөө мекемесинен грейдер, Катраң айыл аймагынан жүктөгүч тартылды.

Калта-Арык участкасында 5, Кара-Суу айылында 1 турак жайга кирген сел сууларынан кийинки калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле жарандык коргонуу кызматтары чукул жыйындарды өткөрүүдө.

Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️