Кадамжайдын айылдарына оргуштап келген селдин видеосу

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 23-июнда саат 17:30 чамасында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Охна айылына сел түштү.

Сел аталган аймактагы Таш-Булак сайы аркылуу түшкөн. Жергиликтүү тургундар айдоочуларды Охна айылын жана Кадамжай шаарын байланыштырган жол аркылуу каттабай турууга чакырышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмүнөн билдиришкендей, селден адам жана турак жайга зыян келген эмес.

Мындай катуу жааган жаандан улам Кадамжай районунун Тамаша айылында да сел жүрдү.

Тамаша айылындагы ички жолдор ылай, шагылга толуп, короолорду суу каптаган.

Пример HTML-страницы

Селдин кесепетинен Кадамжай—Тамаша жолу убактылуу жабылды. Аталган аймактагы Кызыл-Булак айылынын ички жолдору да жабыр тарткан.

Өзбекстандын Шахимардан анклавына баруучу жол дагы убактылуу жабылды.

Айрым жерлерде электр түркүктөрү кулады.

ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүрүп, жолдор жабылды.

Азыркы учурда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилип, жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️