Кадамжайдагы тургундар 5 млн сомдой каражатка футбол аянтчасын курушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районунда футбол аянтчасы курулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кичи футбол аянтчасы Орозбеков айыл аймагынын Бостон тилкесинде жайгашкан. Курулуш жергиликтүү тургундар тарабынан каржыланды. Курулуш иштерин дагы тургундар ашар жолу менен жүргүздү. Футбол аянтчасын курууга 5 млн сомго жакын каражат сарпталды.

Футбол аянтчасы үчүн жер тилкеси Орозбеков айыл өкмөтү тарабынан трансформацияланып, бөлүнүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️