Кадамжайдагы Совет айылынын жолуна 36 млн сомго асфальт төшөлүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылынын жолуна асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына №46 жол тейлөө ишканасынын башчысы Шавкат Матисаев билдирди.

Анын айтымында, Кан—Борбалык жолунун 5 чакырым аралыгына оңдолууда. Асфальттоо иштерин аталган ишкана өзү жүргүзүп, Транспорт министрлиги тарабынан каражат бөлүнүп берилген. Бул долбоордун жалпы баасы 36 млн сомду түзөт.

Совет айылы буга чейин өз алдынча айыл өкмөтү болсо, административдик-аймактык реформадан кийин жаңыдан түзүлгөн Молдо-Нияз айыл аймагына карамагына өткөн.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Алга (Шак-Шак айылынан тышкары), Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл аймактарын бириктирип, Алга айылын административдик борбор деп аныктоо менен Молдо Нияз айыл аймагына кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️