Кадамжайдагы күтүүсүз кырсыкта 13 жаштагы баланын өмүрү кыйылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында жол кырсыгы катталып, 13 жаштагы өспүрүм бала каза тапты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 5-июль күнү саат 17:00 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 187-чакырымында катталган.

Анда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен 13 жаштагы өспүрүм бала акка моюн сунган.

Маркум Кадамжай районунун Кайтпас айылынын тургуну болгон.

Бүгүн, 6-июль күнү саат 15:00 чамасында акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️