Кадамжайдагы Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хандын ысымынан коюлары күтүлүүдө

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна карашуу Халмион айыл өкмөтүнүн аталышы Полот хан деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Замирбек Махмудов билдирди.

Анын айтымында, аны менен бирге аталган айыл өкмөткө караштуу перс (фарс) тилинен алынган эки айылдын аталышы да өзгөрөт.

«Халмион айыл өкмөтүнүн атылышы — Полот хан айыл өкмөтү болуп өзгөрөт. Айыл өмөттүн ичиндеги Халмион айылы — Жеңиш айылы болот. Ноогардан айылы — Ак-Өргө айылы деп өзгөртүлөт. Бул маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып, жактырылды. Азыр өкмөттүк, райондук, облустук комиссиялардан өттү. Эми акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат», — деди Замирбек Махмудов.

Полот хан Кокон хандыгынын эгемендиги үчүн күрөшкөн. Анын чыныгы аты Молдо Искак Асан уулу (1844-1876). 1873-жылы өзүнө хан тукумунун «Полот хан» деген ысымын ыйгарып, ошол жылдардагы элди эзген Кокон хандыкка каршы көтөрүлүшкө жол башчы болгон. Ал көтөрүлүштө жеңилүүгө учурап, 1876-жылы Кудаяр хандын өтүнүчү менен орус падышачылыгы тарабынан туткундалып, дарга асылган.

«Хармион» деген сөз акырындык менен «Халмион» деп өзгөрүп кеткен. Бул сөз да фарс тилинен алынган. «Хар» деген сөздү тажик тилинен кыргызчага которгондо «эшек» болот. Ал эми «мион» деген сөз «бел» дегенди түшүндүрөт.

«Ноогардан» деген сөз перс тилинен алынган. «Ноо» деген сөз суу жүргөн түтүк же канал деген маанини билдирет. «Гардан» деген сөз тажик тилинен кыргызчага которгондо «моюн» дегенди түшүндүрөт.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️