Кадамжайдагы айылдаштардын демилгеси менен кылым карыткан суу тегирмен кайрадан иштеп баштады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айыл аймагындагы Кескен-Таш айылында кылым карыткан суу тегирмен кайрадан ишке киргизилди. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Чыңгыз Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, азырынча бул тегирмен кайсы кылымдарга таандык экени белгисиз. Жергиликтүү элдин демилгеси менен эскинин ордуна дал ошондой, аккан суунун шары менен кыймылга келген жаңы тегирмен курулду.

«Бул тегирменди ким түптөгөнүн билбей жатабыз. Мен өзүм 45 жашка кирдим. Айылдагы аксакалдар бул тегирмен кылым карыткан деп айтып калышат. Эл аны ашар жолу менен кайрадан курду. Курулуш материалдарын айрым демөөрчүлөр акысыз берди. Ошондуктан курулуш арзанга түшүп, болжолдуу 200-300 миң сом менен куруп бүтүрдүк. Дарыядагы суунун басымы менен чоң, салмагы 200-300 кг болгон таштар бири-бирин айландырып иштейт. Андан кийин буудайды ун кылып тартып чыгарат», — деди Чыңгыз Кочкоров.

Суу тегирмендин таштарын Кыргызстандын аймагынан табуу оңой болгон эмес. Айыл башчынын айтымында, коңшу Өзбекстанда тегирмендин бир ташы 100 миң сомго сатылары айтылган.

«Таштарды издеп жүрүп таап алып келдик. Тегирмендин таштары Өзбекстанда чегерилип жасалат экен. Бир ташынын салмагы 200-300 кг чейин болот. Баасы биздин акчабыз менен 100 миң сом болот дешти. Каражатты үнөмдөйлү деп өзүбүз таш таап келип, кесип жасайлы дегенбиз. Бирок өзүбүз жактан даяр таштар табылып калып, ошону койдук», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Чыңгыз Кочкоров тегирмен пайдаланууга берилгенден кийин «буудайым бар эле, тарттырып бергиле» деген чалуулар байма-бай болуп жатканын айтат.

«Азыр элде буудай жок деп ойлосом, башка аймактардан чалып, сурап, «бизде буудайыбыз бар эле, тартып бергиле» деп жатышат. Мен тегирменде иштеген агадан суранып, бизге жардамдашып коюу үчүн алып келдим. Ал тегирменди иштетип жатат. Эл арасында ыраазычыктар өтө көп болду. Элдин негизги максаты — экологиялык жактан таза буудай унун жеп, ден соолукка кам көрүү», — деди Кочкоров.

Азырынча бул тегирменге буудайды тарттыруу үчүн канча акы төлөө керектиги чечиле элек. Жергиликтүүлөр бир пикирге келген соң акысы айтылат. Бирок мурда мындай тегирмендерде 10 кг буудайдан 1 кг «гала» (тегирменге берүүчү акы) алынчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️