Кадамжайдагы айылдардын жолуна 9,7 млн сомго асфальт төшөлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна 9,7 млн сомдон ашуун каражатка асфальт төшөлүүдө.

Маалым болгондой, Ак-Өргө айылында 3,4 млн сомго 615 метр жолго, Ирилеш айылында 3 млн сомго 560 метр жолго, Гүлдүрөмө айылына 3,3 млн сомго 550 метрге жолго асфальт төшөлүүдө.

Каржылоо дем берүүчү гранттын эсебинен болуп, курулуш иштерин «Эстиси групп» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.

«Эстиси групп» ЖЧКсы 2022-жылы 9-июнда кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү жана жетекчиси катары Рахманов Тунубек Бектуратович көрсөтүлгөн. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️