Кадамжайдагы айылда 164 млн сомго жаңы мектеп курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Майдан айыл аймагында Сары-Алтын мектебинин 275 орундуу жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу мектеп директору Назгүл Кутбаеванын билдирди.

Маалыматка караганда, учурда курулуш аянтынын айланасына тосмо орнотулуп, атайын техникалар тартылган. Азыр пайдубал кую иштери жүрүп жатат. Курулуштун жалпы долбоору 164 млн сомдон ашат. Курулуш иштерин «Сантехмонтаж» ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Буга чейинки 140 орунга ылайыкташкан эски мектепте 530дан ашуун окуучу 3 нөөмөт менен окуп келишкен. Эски мектептин имараты бузулуп, окуучулар жакынкы мектептерде билим алууну улантышууда. Сары-Алтын мектебинин имаратынын курулушу кийинки жаңы окуу жылына бүтүрүү пландалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️