Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы 20 жылдыктар каза болгон классташынын балдарына үй салып беришти (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагынын Кыргыз-Кыштак айылындагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү көз жумган классташынын артында калган 2 баласына 3 бөлмөлүү үй куруп беришти.

Маркум Шадыбай Кожоевдин классташтарынын айтымында, үй аталган айылдын Умай-Эне участкасына салынды. Үй салынган жер тилкени классташтардын бири белек кылган. Жаңы тамдын короосунда кой союлуп, түлөө өткөрүлдү.

——————————————————————————

Буга чейин Лейлек районунун Катраң айылында мектепти 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр каза болгон классташынын үй-бүлөсүнө үй куруп беришкен.

Кара-Суу районунун Ала-Тоо айыл аймагынын Кенжекул айылындагы мектепке 20 жылдыктар жаңы даараткана салдырып беришкен.

Ош облусунун Ноокат районундагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр гимназиянын алдына асфальт төшөп беришти.

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагынын Кашка-Суу орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдын кире беришине стела куруп беришти. Бүтүрүүчүлөрдү бири Талант Орозалиев стела курууга 174 миң 600 сом каражат кеткенин билдирди. 27 бүтүрүүчү буга чейин 10 жылдыкта мектепке эмеректерди белек кылышкан.

Райондун Кызыл-Эшме айылындагы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектебин 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөрү жол боюна аялдама куруп беришти. Аялдама курууга 180 миң сомдой каражат сарпталды.

Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагына караштуу Жерге-Тал айылынын 10 жылдыктары 67 миң сомго боз үй, 22 миң сомго 250 литрлик 2 даана казан, 11 миң 500 сомго 80 литрлик титан самоор, 27 миң сомго мектепке смарт коңгуроосу, 20 миң сомго микроволновка алып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE