Пример HTML-страницы

Кадамжайдагы өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди (сүрөт)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 24-июнь күнү Кадамжай районундагы селден улам бир канча айыл аймактарда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, райондун Исхак-Полотхан, Молдо-Нияз, Ак-Турпак жана Орозбеков айыл аймактарындагы жаан-чачындын кесепетинен сел жүрдү. Тилсиз жоодон бир топ жабыр тарткан Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө штабдын курамы түзүлүп, сел кесепетерин жоюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандар тамак-аш, турмуш тиричилигине зарыл болгон каражаттар менен камсыздалып, сел каптаган аймактар тазаланып, келтирилген чыгымдар аныкталууда.

Жаратылыш кырсыктары катталган жерлерде үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Райондун аймагында селден улам зыян тарткан объектер, кум, шагыл баскан жолдор калыбына келтирилүүдө. Каналдарды тазаланып, сел агызган мал-жандыктар такталууда. Ар түрдүү жугуштуу ооруулардын алдын алуу максатында сел жүргөн социалдык объектилерде, коомдук жайларда жана турак жайларда дезинфекциалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Жабыркаган жарандарга медициналык жана психикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.

  • Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү лжаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Баткендеги сел:

Кечээ, 24-июнда саат 16:30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 288-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоо иштерине атайын техника тартылган болчу.

Лейлек районунда Коргон—Катраң—Баул жолунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Кокту-колоттон түшкөн сел суулары турак жайлардын короолорун каптап, үйдүн ичине чейин кирген.

Лейлектин Калта-Арык участкасында 5, Кара-Суу айылында 1 турак жайга кирген сел сууларынан кийинки калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылган.

Кадамжай районунун Исхак Полот хан айылында сел жүрүп, жүк ташуучу контейнерди агызып кеткен. Селдин кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков жолунун 130-чакырымы кыска убакытка жабылган. Тургундар борбордук көчөлөргө унаа менен чыгуу кооптуу экенин айтышкан. 5-6 унааны сел агызып кеткен.

Кадамжай районунун Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган 5 көпүрөнү бузуп кеткен. Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак Полот хан айыл аймактарында да сел жүрүп, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин короосуна сел суулары кирген.

ӨКМ куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан жашы жете элек 3 бала жана 2 жаран аман-эсен куткарылган.

Баткен районунда 2 турак үйдүн жертөлөсүн тазалоо жумуштары колго алынып, жалпы 20 куткаруучу, ал эми саат 21:59да Аэропорт тилкесинде жашаган жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн Самаркандек айылындагы ӨККБдөн автобус, атайын техника тартылган.

Кечеги селден улам Кадамжайдын Жеңиш айылында 5 жаштагы бала көз жумуп, Баткен облусу боюнча 1000ден ашык жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Баланын сөөгү саат 23:45 чамасында табылды. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну жабыр тартып, ооруканага жаткырылды. Сел 8 бодо, 42 майда жандыкты агызып кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE