Кадамжайда жолдун четин көрктөндүрүү үчүн 1 млн сом жумшалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамдай районунун Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунда гүл көчөттөрү отургузулуп, тротуар жарыктандырылды. Бул тууралуу Кадамжай шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 124-чакырымында 500 метрге созулган аралыкка гүл көчөттөрү отургузулган. Жол четин көрктөндүрүү жана жарыктандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 млн сомго жакын каражат каралган.

Бөлүнгөн сумманын 200 миң сомдон ашык каражатка гүл көчөттөрү, калган суммага тротуарга өзгөчө ыкмада жарыктандырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️