Пример HTML-страницы

Кадамжайда жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандардын 57% босого баллдан өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 57% босого баллдан өттү.

Маалым болгондой, район боюнча жалпы 2002 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен жалпы республикалык тестирлөөгө 1281 окуучу катышкан. Алардын ичинен 733 бүтүрүүчү 110дон жогорку балл алган. 183 бүтүрүүчү 151-200 балл алды. 200 баллдан жогору балл алгандар 17.

Эң жогорку балл 232 болгон.

Буга чейин Билим берүү министрлиги 2024-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 56 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болушканын кабарлаган.

Эң жогорку 234 упайды 3 бүтүрүүчү алган.

«Алтын сертификат» алгандардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 34,

Чүй облусу – 7,

Ош шаары жана Ош облусу – 6,

Жалал-Абад облусу – 3,

Нарын облусу – 3,

Талас облусу – 2,

Баткен облусу – 1,

Ысык-Көл облусу — жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE