Кадамжайда унааны туура эмес жерге токтоткон 8 айдоочуга айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда унаа тыгын жасаган айдоочуларга протокол толтурулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-августта Кадамжай РИИБдин «Жаникул Садиров» атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери «Торговый» базарында кырсык жана кылмыштуулукту алдын алуу, коомдук тартипти сактоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иштерин алып барды.

Натыйжада жол тыгындарды жасап, унааларын туура эмес жерге токтоткон 8 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды. Ошондой эле, жалгыз жүргөн 1,5 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️