Пример HTML-страницы

Кадамжайда унаа кырсык көп катталган аймактын ээси бар деп айтылат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш–Баткен–Раззаков унаа жолунун Кадамжай районундагы 140-155-чакырым аралыктарында (Алга айылынын тушу) унаа кырсык көп катталат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кырсыктардын көп катталуусуна жолдун түздүгү да себеп болот. Аталган аймакта жолдун 2 четинде Таш-Мазар жайгашкан. Таш-Мазарга белги катары түркүк тургузуп, топоздун куйругун байлап коюшкан. Бул белги ары-бери каттаган жолоочулар мазар бар экенин байкап, абайлап өтүшү үчүн коюлган. Анткени буга чейин мазар жайгашкан аймакта жол кырсыгы көбүрөөк катталып, каза болгондор да болгон.

Жолдун тоо тарабында Коон-Баба деген да жер бар. Аксакалдар Таш-Мазар менен Коон-Бабанын аралыгында ээси бар деп айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE