Кадамжайда Үч-Коргон—Чаувай жолуна 6,5 млн сомго асфальт төшөлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында Үч-Коргон—Чаувай жолуна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Кадамжай райондук №46 жол тейлөө ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул ички жолдун жалпы узундугу 1,1 чакырымды түзөт. Асфальттоо иштерин каржылоо Транспорт министрлиги тарабынан жүргүзүлүп, жалпысынан 6,5 млн сомдун тегерегинде каражаты жумшалат. Курулуш иштери № 46 жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлөт.

Буга чейин август айында Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна иш сапары менен келип, президентинин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен бирге облуста курулуп жаткан жолдордун абалын көрүп чыккан.

Анда быйылкы жылы Баткен облусунда республикалык бюджеттин эсебинен 66 км жолго асфальт төшөө пландалганы, 2024-жылга мамлекеттик капиталдык салымдар беренеси боюнча биринчи кезекте каржылап курулуучу объекттердин титулдук тизмесине 34 унаа жол кирип, 376,7 млн сом бөлүнүүсү каралганы белгилүү болгон. Үч-Коргон—Чаувай жолун 15-октябрга чейин бүтүрүү мерчемделген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️