Кадамжайда толуп, жабылган эски көрүстөндөрдүн орду кайра иштетиле баштайт

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда толуп, жабылган эски көрүстөндөрдүн орду кайра иштетиле баштайт. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул маселе боюнча муфтиятка жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына кат жөнөтүлгөн. Аны менен бирге жабылганына көп жыл болгон көрүстөндөрдүн кайрадан колдонулушу, башкача айтканда рекультивациялоо боюнча райондун имамдары менен талкуу болуп өттү. Анда коюлган сөөктөрдүн чирип жок болушу ошол жердин кыртышына байланыштуу болуп, кеминде 20 жылдан көп убакыт өткөн кийин пайдаланууга болору айтылды.

Азыркы учурда Кадамжай районунун Үч-Коргон аймагында жабылганына 30 жылдан ашкан көрүстөндөрдү кайра иштетүү боюнча маселе каралды. Айрым көрүстөндөрдүн толуп жабылганына 70 жылдан ашуун убакыт өткөн. Бул жайлар толук кандуу адамдарга пайдаланууга берилбесе дагы азырынча көчөттөр отургузулат.

Учурда район аймагында сөөк коюлуучу 129 көрүстөн бар.

Көрүстөндөр боюнча президенттин пикири:

Пример HTML-страницы

Буга чейин 2-июлда президент Садыр Жапаров жерди максаттуу пайдаланууга чакырып, Ысык-Көл облусундагы сапары учурунда чоң атасы, чоң энеси жана уулунун күмбөзүнө барганда көрүстөндөр жайгашкан жер убагы келгенде пайдаланылышы керектигин айткан.

«Түз жерлерибиздин бардыгын жалаң эстеликтерди коюп, 200-300 жыл пайдаланбай жата беребиз. Кийинки муунду, мамлекеттин кийинки жашоосун да ойлошубуз керек.

Мисалы, менин чоң ата, чоң энемдин сөөгү ушул жерде жатат. 80-жылдардын аяк жагында каза болушкан. Атамдын бир тууган иниси экөөбүз ушул жерге келип, атама да, энеме да таштардан жаздырып, чектирип эстелик тургузганбыз. 90-жылдардын аяк ченинде атам Меккеге барып-келди. Анан шарият боюнча мындай болбойт экен, отко күйгөн, цемент колдонгон эстелик койгонго болбойт экен, арбак өзү кыйналат экен деп, ошондон кийин талкалап, таптаза кылып алып койгонбуз.

Ошондо айылдагы элибиз «ата-энесинин мүрзөсүн талкалап, бул эмне?» дешкен. Бирок убакыт өткөн сайын эл дагы түшүнөт экен, бара-бара дин тармагынан билимдүү боло баштайт экен. Азыр көпчүлүк эстелик койбой калды, бирок баары бир коюп жаткандар бар. Кээ бирөөнө койбо десең, намыстанат, куру намыстык кылат», — деген президент.

Өлкө башчысы кайрадан билдирүү жасаган:

Президент Садыр Жапаров кайра 17-июлда «Кабар» агенттигине берген маегинде көрүстөндөр боюнча айткан пикирине токтолгон.

Анын айтымында, шарият боюнча шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынат. Ал мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албасын, тескерисинче, отко бышкан материалдарды колдонуп, мүрзөсүнүн үстүн бастырып салганы үчүн маркумдун арбагы кыйналат деп айтылат.

«Экинчиден, биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлерибиздин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан. Айдоо жерлерибиз аз. Биз бүгүнкү күндө бир эле буудайды алсак, өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Чет өлкөлөрдөн импорт кылып келебиз.

Жыл өткөн сайын түз жерлерибиз ого бетер тарып, азайып барат. Элдин саны жылдан жылга өсүүдө. Элдин саны өскөн сайын тамак-аш көп керектелет. Ошондуктан биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек.

Ар бирибизде “40-50 жылдан кийин биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт?” деген санаа болуш керек. Аларга бүгүн кам көрбөсөк, кийин чындап эле алар үчүн чоң баш оору болот. Мына ошондуктан капталга эмес, бийиктикке өсөлү деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин катуу жандандырдык. Жыл сайын казынадан каражат бөлүп берип жатабыз.

Жакынкы жылдарда айылдарга чейин кабат-кабат үйлөрдү курууга жетишебиз. Азырынча үйлөрдү куруу боюнча иштерибиз айрым кичи шаарлар менен райборборлорго жетти. Эгер бийик кабат үйлөрдү куруу иштери бүгүнкүдөй темп менен уланса, 10-15 жылдан кийин Кыргызстандын ар бир жаранында үй көйгөйү болбойт.

Мисалы азыркы күндө 500 түтүн эл жашаган Кең-Суу айылында эле 100гө жакын жаштар үй салганга жер тилкесин сурап, кезекте турушат. Ал эми 150 түтүн эл жашаган айылдарда болсо, 500гө жакын жаштар жер сурап, кезекте турушат. Бул көйгөй өлкөнүн ар бир айылында бар. Жердин жоктугунан экиден, айрым үй-бүлөлөрдө үчтөн келин-уулу менен жашап жаткан ата-энелер четинен чыгат. Ошондуктан шариат боюнча кайсы көрүстөн болбосун акыркы сөөк коюлуп, ал көрүстөн жабылгандан соң 25 жылдан кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар. Жогорку Кеңеш кабыл алган тийиштүү мыйзамдарда дагы мындай ченем белгиленген.

Жогоруда мен өз айылымдан гана мисал келтирдим. Илгери көрүстөн болуп жаткан жерлерди Союз тарагандан кийин үй салганга бөлүп берген. Азыр тамдар түшүп, жапжакшынакай эле огород кылып иштетип атышат», — деген президент.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️