Пример HTML-страницы

Кадамжайда таш дооруна таандык үңкүргө азыр да адамдар келип, эс алып кетишет (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Ак-Турпак айылынан 1 км чыгыш тараптагы адырда жайгашкан таш дооруна таандык Туз үңкүрү кулап түшүү коркунучунда турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, анын тереңдиги 100 метр болсо, узундугун так айтуу кыйын. Айрымдар бул үңкүр мындан 60-70 км алыстагы Айдаркендин түндүк тарабында байыркы адамдар турак кылган Сел-Үңкүрү менен туташарын айтышат.

Үңкүр болжолдуу түрдө биздин заманга чейинки 6-3-миң жылдыкка, таш дооруна таандык. Андан таш куралдар табылганы айтылат. Бул үңкүрдө туздар жана жарык берген таштар бар. Бронхит, бронхиалдык астма жана дем алуу ооруларынан жабыркагандар келип, үңкүр ичинде отуруп эс алып кетишет.

Аймактык кабарчы Туз үңкүрү менен жеринен таанышууга барып, ал жерде өз алдынча дарыланып жүргөн жарандарга кезикти. Анын ичине киргенде эле муздак шамал бетке согуп, башкача жыт келип турат. Жергиликтүүлөр так ошол башкача жыттанган абадан дары катары дем алышарын айтышат.

  • 1996-2000-жылдары жеке ишкер Наби Ормонов тарабынан үңкүрдүн тереңдигине түшүү үчүн тепкич жасалып, дарыланууга шарт түзүлүп, бирок үңкүрдө кулап түшүү коркунучу пайда болгондон кийин иштетүүдөн баш тарткан.

Кабарчы үңкүргө кирип барып, жер титирөөдөн пайда болгон жаракаларга күбө болду. Жергиликтүү тургун Маматсултан Тажиев буга чейин 500 метрге чейин үңкүргө кирип барышкан айтып берди. Азыр кулап отуруп, 150 метрден кийин эле жабылып калган.

«Бул Туз үңкүрү терең изилделип, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынса тарыхый баалуулук сакталып калмак. Антпесе жылдан-жылга кулап отуруп, толук жабылып калуу коркунучу бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE