Кадамжайда окуучу баланы унаа сүзүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-октябрь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Бостон участкасында жол кырсык катталды. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа 3-класстагы окуучу баланы сүзүп кеткен.

Кадамжай райондук жалпы дарыгерлик практика борборунан билдиришкендей, окуучу баланын абалы оор. Аны сүзгөн унаа өзү жакынкы жердеги чуңкурга оодарылып кеткен.

Ал эми Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 22-откябрь күнү саат 12:57 чамасында Кадамжай району Орозбеков айыл аймагынын Орозбеков көчөсүндө А.Ө аттуу адам «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып жолдун сол жагынан чуркап чыкан баланы сүзүп кеткен. Ал Орозбеков айыл аймагынын 2015-жылы туулган тургуну М.Н. экени такталган. Бала жаракат алып Кадамжай шаардык ооруканасына кайрылган. Бул жол кырсыктын жагдайдары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө

Кечээ, 21-октябрь күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында унаа кырсык катталган. «Азим-Булак» эс алуу жайында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги суу түтүктү сүзүп, кырсыкка учураган. Анын кесепетинен унаадагы 2 жүргүнчү аялдын колу-буту сынып, ооруканага жеткирилген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️