Пример HTML-страницы

Кадамжайда мурда соттолгон адам кайрадан кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда мурда соттолгон адам үйүнө баңгизат сактоого шектелип кайрадан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Ш.И.нин үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда үйдөн салмагы 84 граммдан ашуун, өзгөчө жыты бар, күрөң түстөгү зат табылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иш козголуп, алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 84 гр 65 миллиграмм опиум экендиги аныкталган. Тергөө иштерин жүрүшүндө Ш.И. мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болду. Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE